16:10, 13 марта 2019, 24.kg

Президент бир катар өлкөлөрдүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн бир катар өлкөлөрдүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы Орусиянын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкодон, Кытай Эл Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнден, Италия Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Паскуале Д’Авинодон, Чех Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Рудолф Гиклден жана Бенин Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Нукпо Клеман Кикиден ишеним грамоталарды кабыл алды. 

Мамлекет башчысы аларды Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, иштерине чоң ийгиликтерди каалады.

«Эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында мамилелерди бекемдөө жана ошондой эле элдерибиздин ортосундагы достукту тереңдетүү максатында бардык аракеттерди көрөсүздөр деп ишенем», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18