14:34, 13 марта 2019, 24.kg

16-мартта өлкө боюнча жалпы республикалык ишембилик өтөт

Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана айылдарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында 2019-жылдын 16-март күнү жалпы республикалык ишембилик жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Мамлекеттик органдардын жетекчилери алдыдагы ишембиликтин алкагында шаарлардын жана айылдардын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш.

Ишембиликтерди өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жүктөлөт.

Белгиленгендей, бардык тийиштүү мамлекеттик органдар өлкө Президентинин «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын тиешелүү түрдө ишке ашыруу боюнча максималдуу күч-аракеттерди жумшоого тийиш.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18