11:14, 13 марта 2019, 24.kg

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту. ЖМК өкүлдөрү сот залына кирди

Ленин райондук сотунда мурунку шаар башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иштерин кароо процесси башталып, ага журналисттер киргизилди. Ал эми туугандары жана тарапташтарына кирүүгө уруксаат берилген жок. 

Айыпталуучулардын жактоочулары дагы сот залына киришти. Судья Кубанычбек Касымбеков отурумга тоскоол болуп, сүйлөшкөндөр аныкталса, залдан баары чыгарыла турганын эскертип өттү.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18