10:40, 13 марта 2019, 24.kg

Мурунку шаар башчыларынын соттук отурумуна ЖМК өкүлдөрүн киргизишкен жок

Ленин райондук сотунда мурунку шаар башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иштерин кароо процесси башталды. Ага соттолуучулардын жакындарын, тарапташтарын жана журналисттерди киргизген жок. 

Photo 109132

Милиция имараттын кире беришин тосуп алды. Маалыматка караганда, мындай чечимди судья Кубанычбек Касымбеков кабыл алды. 

Photo 109133

Нааразы болгон туугандары турникетти ачууну талап кылышууда. Залга журналисттер дагы кире албай жатышат. Ачык процесске ЖМК өкүлдөрүн эмнеге киргизишкен жок, түшүнүксүз.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18