10:06, 13 марта 2019, 24.kg

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташыган унаа жардан кулап кетти

Бишкек-Ош унаа жолунун 584-чакырымында жүк ташыган унаа жардан кулап кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Фура унаасындагы 20 тоннадан ашык кургатылган мөмө жемиштер Сузак районуна ташылып бара жаткан.

«Баткен районунун 31 жаштагы тургуну «ДАФ 96 ХF» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен келе жатып тормозу иштебей калган. Кесепетинен 30 метрдей аралыктагы сайга кулап түшкөн. Айдоочу Жалал-Абад шаардык ооруканага жеткирилди», — деп билдирди башкармалыктан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18