09:53, 13 марта 2019, 24.kg

Депутат: 2020-жылы боло турган шайлоого электрондук добуш берүүнү киргизүү керек

Депутат Исхак Масалиев 2020-жылы боло турган Жогорку Кеңештин шайлоосуна электрондук добуш берүүнү киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Депутат «Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу» Мыйзамга бир канча өзгөртүү киргизүүнү даярдады.

Исхак Масалиевдин айтымында, мындай система көптөгөн өлкөлөрдө талап кылынып келген, бир канча өлкө шайлоо тажрыйбасында колдонуп жүрөт. Мында эң чоң тажрыйбасы бар делип АКШ, Улуу Британия, Индия, Нидерланды, Бразилия, Бельгия, Испания, Эстония, Жапония жана башка мамлекеттер эсептелет.

«Бул үчүн добуш берүүгө атайын электрондук машиналар керектелет. Анын жардамы менен адамдык факторду минимумга түшүрөбүз. Хакердик кол салуудан алыс болобуз», -деди депутат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18