16:40, 12 марта 2019, 24.kg

Коопсуз шаар. Долбоордун 2-фазасынын алкагында жаңы жол кесилиштери даяр болду

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында борбордук муниципалитеттин камера коюла турган 9 жол кесилиштеринде жана 2 темир жолунун кесилиши (путепровод) жолдордун инфратүзүмүн иретке келтирүү иштери аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, оңдоо иштеринин 97 пайызы аяктады.

«Эртеңки күнгө чейин жолдордун инфратүзүмү толук даяр болот. Учурда кесилиштерде кошумча жол белгилери жана жол чырак объектилериндеги орнотулду», -деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы экинчи фаза алкагында төмөнкү жол кесилиштерди ГОСТ стандарттарына ылйыкташтарат.

— Ж. Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши;
— Чүй — Манас проспектилеринин кесилиши;
— Чүй проспекти менен Павлов көчөсүнүн кесилиши;
— Жибек Жолу — Манас проспектилеринин кесилиши;
— Махатма Ганди — А.Боталиев көчөлөрөнүн кесилиши;
— Жибек Жолу — Курмажан Датка проспектилеринин кесилиши;
— И. Ахунбаев — Байтик Баатыр көчөлөрөнүн кесилиши;
— Чүй проспекти менен Ж. Абдрахманов көчөсүнүн кесилиши;
— Байтик Баатыр — М. Горький көчөлөрөнүн кесилиши;
Кесилиштерге орнотулган камералар күнү-түнү иштейт.
Долбоордун аткаруучусу «Вега радиокуруу концерни» акционердик коому.

Системаны акырындап ишке киргизүү үчүн долбоорду 4 этап менен жүзөгө ашыруу пландаштырылган. Эскерте кетскек, биринчи фазанын алкагында 10 жол кесилишинде жана 2 темир жолунун кесилиштеринде (путепровод) камералар орнотулуп, учурда иштеп жатышат.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18