15:55, 12 марта 2019, 24.kg

«Кыргызалтындын» жетекчиси менен депутат кайрадан кайым айтыша кетишти

Депутат Кожобек Рыспаев «Кыргызалтындын» жетекчисинен жеке жана мамлекеттик кызыкчылыкты аралаштырбоону суранды. Бул тууралуу депутат отун-энергетикалык комплекси жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу боюнча парламенттик комитеттин отурумунда айтты.

Депутаттын билдирүүсүндө, интернетте Алмаз Алимбековду кызматтан алып түшүүгө аракет кылып жатат деп депутатка карата айыптоолор тагылууда.

«Мага сиздин кызмат ордуңуз керек эмес. Мени болгону өндүрүш жана салык төлөмдөрү кызыктырат. Мен мамлекеттик кызыкчылык үчүн гана айтып жатам. Сиз кайсы өндүрүштү көтөрдүңүз, ушул тууралуу айтып берсеңиз?», -деди депутат.

Депутат Азиз Турсунбаев аткаминер менен депутаттан кайым айтышуусун токтотуп, ишке өтүүнү суранды.

«Экинчи отурумдан дагы сиздердин айтышка күбө болуудабыз. Келгиле, ишти теманын алкагында алып баралык. Эгерде бузуулар болсо, анда комиссия түзүп баарын тактайлык. Мен «Кыргызалтындын» башчысын коргоюн дегеним жок, бирок баардык айыптоолор далилдүү болушу керек», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18