14:15, 12 марта 2019, 24.kg

Унааларын ишеним кат менен сатып алган айдоочуларды издөө механизми жок

Кыргызстанда унааларын ишеним кат менен сатып алган айдоочуларды издөө механизми жок. Бул тууралуу Унаа, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча парламенттик комитеттин отурумунда депутат Алтынбек Жунус уулу айтты.

Анын билдиргени боюнча, келишим менен айдап жүргөн айдоочулар жол эрежелерин бузуп жатат. Бирок, «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында унааны өзүнө каттаган киши айыпты төлөшү керек.

«Ишеним катты кайрадан киргизиш керек. Ишеним менен унааны сатып алгандар жол эрежелерин көбүрөөк бузуп жатат, ал эми документ боюнча унаанын ээсине айыппул тууралуу билдирүү келүүдө. Унаа айып төлөөчү жайга киргизилсе, ал кимге катталган болсо ошол жаран изделүүдө», -деди Алтынбек Жунус уулу.

Ал кошумчалагандай, унаага ишеним катты киргизүү тууралуу сунушу менен өкмөт башчыга кайрылмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18