12:24, 12 марта 2019, 24.kg

Жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк айдоочуларга чек арада айыппул салынат

Кыргызстанда жол кыймылынын эрежелерин бузган чет өлкөлүк жарандарга чек арада айыппул салынат. Бул тууралуу унаа, байланыш, курулуш жана архитектура боюнча парламенттик комитеттин көчмө жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын директорунун милдетин аткаруучу Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында, камера чет өлкөлүк номурдагы унааларды каттоого алып турат.

«Чек ара кызматында тышкы миграциянын бирдиктүү тизмеси бар. Биз ага унааларды дагы киргизүүнү сунуштадык. Эгерде чет элдик жаран жол эрежесин бузса, аны базага киргизип, айып төлөтөт. Чек ара пункттарына айыптарды төлөө үчүн атайын терминал орнотуу пландалууда», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18