09:37, 12 марта 2019, 24.kg

Кыргызстан крандан суу ичүү кооптуу делген өлкөлөрдүн тизмесине кирди

Кыргызстан крандан суу ичүү кооптуу делген өлкөлөрдүн тизмесине кирди. Мындан маалыматты The Daily Mail. басылмасы Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу америкалык борборунун изилдөөсүнө таянып жазды.

Маалыматка караганда, тизмеге 187 мамлекет кирди. Кыргызстан тизмеде Борбордук Америка, Африка, Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн катарында орун алды. Аталган аймактарда суу түтүктөгү суу кир болгону үчүн эмес, патогендүү микроорганизмдердин көптүгүнөн улам кооптуу делүүдө.

Мындай сууну ичкенде инфекциялар өлүмгө дуушар кылышы мүмкүн.

Крандан суу ичүү коопсуз болгон аймактар АКШ, Улуу Британия, Канада, Австралия, Жапония, Сауд Арабиясы, Түштүк Корея жана Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18