16:23, 11 марта 2019, 24.kg

Нооруздун урматына дем алыш күндү жылдыруу тууралуу чечим кабыл алына элек

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги азырынча Нооруздун урматына дем алыш күндү жылдыруу тууралуу чечим кабыл ала элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Фейсбук социалдык түйүнүндө дем алышты жылдыруу тууралуу маселе талкууга алынууда. Анда 17-март жекшемби күндү иш күнү кылып, ал эми 22-март жуманы дем алыш күн кылып жарыялоо талкууланган. Алардын пикиринде, Ноорузга карата 4 күн эс алуу болмок.

Бирок, аталган министрлик азырынча эч кандай чечим кабыл ала элек. Бул маселенин үстүндө ойлонуп жатышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18