14:14, 11 марта 2019, 24.kg

Түркиянын Стамбул шаарынан 437 чет өлкөлүк депортацияланат

Түркиянын Стамбул шаарынан 437 чет өлкөлүк депортацияланат. Бул тууралуу «Азаттык» шаардык полиция кызматынын сайтына шилтеме берип жазды. Арасында кыргызстандыктардын бар же жогу тууралуу расмий кабар айтыла элек.

Полиция 9-мартта шаардын чет элдиктер жыш жашаган Фатих районунда рейд жүргүзүп, 818 кишинин документтери текшерилген. 437 адам туруктуу каттоодон өтпөгөнү жана визасыз жүргөнү аныкталган. Полиция кызматы аларды өлкөлөрүнө депортациялоо үчүн Миграция департаменти менен иш алып барууда.

Расмий эсеп боюнча Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык бар. Алардын жети жарым миңдейи гана эмгек визасы менен иштешет. Көбү бир жылдык туристтик виза менен жүрүшөт. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18