13:46, 11 марта 2019, 24.kg

Ошто мас абалда унаа башкарган айдоочу жол кырсыгында каза болду

Ош шаарында мас абалда унаа башкарган айдоочу жол кырсыгында каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 9-мартта Рыспай Абдыкадыров менен Абдыкадыр Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде Ош облусунун тургуну «Жигули» унаасын мас абалда башкарып бара жатып, жолдун четиндеги «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Андан өтүп барып бадалдардын арасындагы электр мамысын сүзүп токтогон. Кесепетинен «Жигули» унаасындагы айдоочу каза болду.

Учурда Ош ШИИБ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18