08:52, 11 марта 2019, 24.kg

Эфиопиядагы авиакырсыктан 157 киши өлдү

«Боинг-737» 10-март күнү эртең менен Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге багыт алган. Абага көтөрүлгөндөн алты мүнөт өткөндө кырсыкка кабылган. Борттогу 157 кишинин баары мерт болду.

Акыркы маалыматтар боюнча Ethiopian Airlines компаниясынын учагында 33 өлкөнүн, анын ичинде Орусия, Канада, АКШ, Италия, Кытай, Франция жана Улуу Британиянын жарандары болгон.

Курман болгондордун 149у — жүргүнчү, 8и — экипаж мүчөсү. Эфиопия премьер-министри маркумдардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

Кырсыктын себептери азырынча белгилүү боло элек. Учак Бишофту жанар тоосуна жакын Дебре Зейт шаарынын четине кулаган.

Бул 2019-жылдагы эң ири авиакырсык катары эсептелүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18