08:40, 11 марта 2019, 24.kg

«Кырк чоро» Бишкек мэринин отставкасын талап кылат

«Кырк чоро» деген аталышта таанылган «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмеси 13-мартта Бишкекте митинг уюштуруп, калаа мэри Азиз Суракматовдун жана мэриядагы башка жооптуу кызматкерлердин отставкасын талап кылмакчы. Алар шаар бийлигин 8-марттагы жүрүшкө уруксат бергени үчүн күнөөлөп жатышат.

Бирикменин башчысы Замирбек Көчөрбаев «Азаттык» радиосуна билдиргендей, алар 11-мартта мэрияга барып, нааразылык акциясы тууралуу маалымдашат.

Уюмдун мүчөлөрү «8-мартта аялдардын укуктарын даңазалаган иш-чаранын шылтоосунда ЛГБТ коомчулугунун жүрүшү болду» деп жатышат. Мэрия бул акцияны уюштурууда эрежелер бузулбаганын билдирген.

8-март күнкү акцияда кыз-келиндердин укуктары, феминисттик көз-караштардан тышкары сексуалдык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон.

Акцияга «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү да чыгып, активист аялдарга гүл беришкен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18