17:55, 07 марта 2019, 24.kg

Орусияда өрттөн жабыркаган кыргызстандык жаран каза болду

Владимирск облусунда өрттөн жабыркаган кыргызстандык жаран каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, элчиликтин юристи жана Кыргызстандын ИИМнин Орусиядагы өкүлү Владимирск облусуна жөнөп кетишти.

«Учурда сөөктү мекенине жөнөтүү боюнча керектүү документтер даярдалып жатат. Экинчи жабырлануучу Төмөнкү Новгород шаарында ооруканада жатат. Ал орто оордуктагы күйүккө кабылган», -деп билдиришти элчиликтен.

Эске салсак, 5-мартта «Русджам» ишканасында өрт чыгып 7 киши жабыркаган. Алардын экөө Кыргызстандык экени кийин маалым болду. Каза болгон жаран денесинен 80 пайыз күйүк алган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18