12:00, 10 марта 2019, 24.kg

Гүлзар Дүйшенова: Пандустардын салынышын көзөмөлдөөчү орган жок

Гүлзар Дүйшенованын майыптар арабасында отурганына 16 жыл болот. Анын бой жеткен 19 жана 22 жаштагы уулдары бар. Жолдошунун көзү өтүп кеткенден кийин Гүлзар Дүйшенова балдарын жалгыз тарбиялап өстүрдү. 

Photo 108656

Ал турмуштун сыноосуна моюн сунбай Сүймөнкул Чокморов атындагы сүрөт окуу жайын бүтүрүп, кийизден буюм жасоочу чебер болуп чыкты. Андан тышкары маникюр курсун жана «Ловзпринт» долбоорунда маркетинг курсун аяктады.

Каарманыбыз кырсыктаганга чейин Бишкектеги № 93 лицейде окуп, офис-менеджер кесибине да ээ болгон.

Бир катар өнөрдүн ээси айттырбай келген кырсыктан тарта, пандус көйгөйү, укук коргоочу уюмдар тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди. 

Photo 108657

— Сиз коляскага кырсыктап отуруп калгансызбы?

— Мен 2002-жылы мас айдоочунун айынан автокырсыкка учурагам, ошол себептен эки омурткам сынып, жүлүнүмө доо кеткен, андан тышкары башыман, денемен дагы жаракаттарды алып, анын айынан бутум баспай калды.

Адегенде басууга үмүтүм чоң эле, дарыгерлер деле диагнозумду билип турган менен, көңүлүмдү улап басасың дей беришти. Барбаган жерим калган жок, апам экөөбүз далай азап тарттык. Ошенткен менен эч кандай тыянак чыккан жок, жылыш болбоду. — Мамлекеттен атайын акча каражаты каралабы?

— 1-топтогу майыпмын, майыптыгым жөнүндө справкада «ар дайым бирөөнүн жардамына муктаж» деп жазылып турат. Социалдык коргоодон жөлөк пул катары 2000 сом алам, жыл сайын азайбайт да, көбөйбөйт. Мамлекеттен акча каражаты каралган эмес. Айыл өкмөтү кышында 1500 сомго көмүр жана 3-декабрда 500 сом акча бөлүп турат.

— Социалдык түйүнгө котормочулук менен алектенем деп жазган экенсиз, дагы эмнеге шыктуусуз?

— Жашоомдо көп эле нерсе кылдым окшойт, 12 жыл түрк байпактарына буйрутма алып токуп жүрдүм, кийизден буюмдарды жасадым. Айылдын жанында Гольф клуб бар, ошол жерге жеңем алып барып буюмдарды сатып берип турду. Андан тышкары илмек шиш менен токуганды үйрөнүп, кичине балдарга кийим кече токуп сатып жүрдүм. Жөлөк пулга жашамак кайдан, эки балам турса, көп эле жумуш кылдым... 

Photo 108659

— Шаардын четиндеги айылда жашасаңыз, Бишкекке ар кандай иш-чараларага барып келгенде кыйынчылыктар болобу?

— Бизде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга коомдук транспорттун шарты болбогондуктан, такси менен жүрүүгө аргасызмын. Көп учурда керектүү, маанилүү жолугушуулар менен иш-чаралардан транспорт жоктугунан, болгон күндө да акча каражаты тартыштыгынан улам баш тартууга аргасыз болом. Такси менен шаарга барып, кайра келүүгө 600-800 сом кетет.

Пандус -бул бизде эң актуалдуу тема, Курулуш нормалары жана эрежелери боюнча 1998- жылдан бери пандустар салынсын деген берене бар экен. Советтик доордогу курулуштарга сөз жок, бирок азыркы күндө жаңы курулуштардын көбүндө пандус жок. Айрымдарында салынганы менен жараксыз болууда, ошол кеткен каражатка ыңгайлуу, жарактуу пандус салса болот эле да дейсиң... Көзөмөлдөөчү орган жок. шаар архитектурасы башка уюмдар көзөмөлдөшү керек деп бири-бирине шылташат. Көп жерде эксперт катары бизди (мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды) чакырышса деп ойлойм. — Сүрөттөрүңүздө ар дайым боёнуп, сулуу, тыкан жүрөт экенсиз, жашоого дагы позитивдүү карайсызбы?

— Өзүм позитивдүү адамдардын катарын толуктайм, биринчи жолуккан кишилер мени урушчаак, сүрдүү көрүнөсүң дешет, бирок андай эмесмин. Кечиримдүү, ак көңүл, жашоого позитивдүү караган адаммын. 10 жылдан бери карай коомдук иштерде жүрөм, көптөгөн долбоорлордо иштедим. Курбу курдаштарым көп, мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардан да тагдырлаш курбуларым бар. Көбү так ошол позитивдүү, шайыр мүнөзүмдү жактырышат.

— Чет өлкөлөрдөн кайсы жерлерди кыдырдыңыз? Кандай максатта?

— Былтыртан бери «Amnesty International» укук коргоочу уюмдун жүзү болуп келе жатам. «Амнисти Кейс каттары» марафонун ишке ашырып, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо боюнча БУУнун Конвенциясын ратификациялоону колдоо максатта мен жөнүндө тартылган видео ролик бүткүл дүйнөдө көрсөтүлүүдө.  

Photo 108658

Учурда «Равенство» долбоору боюнча майыптыгы бар кыз-келиндерди маникюр, визажист, илмек жана шиш менен токуганды, жана ошондой эле кийизден буюмдарды жасоого окутуп жатабыз.

— Жашоодо өкүнүп, кайгырган учурлар болобу?

— Өкүнүч ар бир адамда болсо керек... Өкүнгөнүм азыркы акылым, ой- жүгүртүүм мындан 16 жыл мурда болгондо азыркыдай майып жана жесир болмок эмесмин деп ойлойм. Бирок, өкүнгөндөн пайда жок, ушу күнүмө да шүгүр кылып «аракет кылсаң берекет» деген девиз менен жашап келем. Анан да социалдык түйүндөрдө өз сүрөтүмдү, баскан турганымдын баарын жарыялап турганымдын бир себеби, коомчулук, эл биздин бар экенибизди, эл катары жашап жүргөнүбүздү көрүшүп, илгертен калыптанып калган стереотиптер талкаланса деген маани. Анткени ар бир адам бактылуу болууга, билим алууга, иштөөгө, өнүгүп өсүүгө жана турмуш курууга укуктуу.

Photo 108660

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18