12:30, 07 марта 2019, 24.kg

Бишкектеги Октябрь райондук сотунун судьясына карата кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Бишкектеги Октябрь райондук сотунун судьясы Э.Ч. жана соттун башка кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка таянсак, 2017-2018-жылдардагы административдик материалдарды жок кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Мындан тышкары 2015-жылдан баштап 2018-жылдын сентябрь айына чейин айып пул үчүн мамлекетке төгүлө турган 4 миллион 711 миң сом өлчөмүндөгү каражатты ээлеп алуу фактысы ачыкка чыкты.

Сот өндүрүшүн жүргүзүү милдети УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына берилди.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18