11:50, 07 марта 2019, 24.kg

Кыргызстанда пахта терүүгө 4 жаштан 7 жашка чейинки балдар тартылууда

Кыргызстанда пахта терүүгө 4 жаштан 7 жашка чейинки балдар тартылууда. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун консультанты Инесс Бенчику билдирди.

Айтымында, республикада балдар эмгегине негизинен 5 жаштан 17 жашка чейинки балдар тартылышат. Адистер балдарды эмгектин кооптуу түрүнө тартуу үлүшү көбөйүп жатканына кабатыр болушууда. Алардын айтымында, балдар тамеки, күрүч, картошка, грек жаңгагы, фасоль жана пахта терүү менен алектенишет.

«Пахта тууралуу кеп кылсак, балдар негизинен бул өсүмдүктү өстүрүүдө жана аны жыйноодо ишке тартылат. Чоң киши күнүнө болжол менен 82 килограмм пахта терсе, бала 20-25 килограмм чогултат. Балдарды 4 жашынан тарта ишке алышса, алардын ден соолугуна доо кетет», -деди Инесс Бенчику.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18