17:55, 06 марта 2019, 24.kg

Мамлекеттик кызматкерлердин 42 пайызын аялдар түзөт

2019-жылдын 1-январына карата Жогорку Кеңеште аялдардын саны 16 пайыз, жергиликтүү кеңештерде 10 пайызды түзөт. Мамлекеттик кызматкерлердин 42 пайызы аялдар болуп саналат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында аялдардын саясий укуктарын илгерилетүү жана дем берүү темасына арналган улуттук форумда билдирди.

«Белгилей кетсем, аялдар айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, кол өнөрчүлүк жана айыл туризми сыяктуу тармактарда активдүү иштешүүдө. Айылдарда жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыздап, чакан жана орто ишкерлик менен алектенген аялдар көбөйүп жатат», -деди ал.

Маалым болгондой, Кыргызстанда 2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегия кабыл алынган жана ишке ашырылууда.

«Өкмөт тарабынан бекитилген 2018-2020-жылдарга карата гендердик теңдикке жетишүү боюнча Улуттук планда саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына гендердик өкүлчүлүктү камсыздоо боюнча атайын чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу каралган», — деди вице-премьер-министр.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18