17:17, 06 марта 2019, 24.kg

Кыргызстанда өндүрүлгөн дизелдик майдын сапаты суроо жаратууда

Кыргызстанда өндүрүлгөн дизелдик майдын сапаты суроо жаратууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Депутат Зиядин Жамалдинов Кыргызстанда өндүрүлгөн солярка базарда канча сомдон сатылып жатканына кызыкты. «Джунда» нефтини кайра иштетүүчү заводунда өндүрүлгөн дизелдик майдын баасы 37,5 сом, ал эми орусиядан келген дизелдик май 39 сомдон тураары маалым болду. Депутат фермерлерге ата-мекендик өндүрүштү жеткирүү жакшы боло турганын айтты, бирок Кубатбек Боронов буга макул болгон жок.

«Биз сапатына карашыбыз керек. Эгерде сапатсыз болсо, анда чыгымдар көбөйөт. Жазгы талаа иштеринде орусиялык майдын баасы фермерлер үчүн литрине 40 тыйындан арзандатылат», -деди Кубатбек Боронов.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18