16:32, 06 марта 2019, 24.kg

Кыргызстанда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Кыргызстанда чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган эл аралык террордук уюмдун 26 жаштагы мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, колго түшкөн жаран Ош облусунун тургуну экени аныкталды.

«Ал Сирияда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болуп, атайын жана диверсиялык-террордук даярдыктан өткөн. Мындан тышкары Сирия өкмөттүк аскерлерине каршы согушка катышканы маалым болду», -деп билдиришти УКМКдан.

Анын башчыларынын тапшырмасы менен КМШ өлкөлөрүнүн бирине террордук иш-аракеттерди уюштуруу максатында Сириядан чыгып кеткени айтылууда. Учурда ал камакка алынды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18