14:19, 06 марта 2019, 24.kg

Эл аралык издөөдө жүргөн казакстандык жаран Кыргызстанда колго түшүрүлдү

5-мартта өзгөчө оор кылмышка шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн казакстандык Шокан Абылкасымов Кыргызстанда колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Учурда шектүүнү мекенине экстрадациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Буга чейин Шокан Абылкасымов 2017-жылдын 23-июнунда Астананын тургуну Саина Раисованы топ балдар менен зордуктаганы кабарланган. Айрым маалыматка таянсак, жабырлануучу шектүүнүн жарандык жубайы болгон. Алар таарыныша кетип, кийин жарандык никедеги жолдошу элдешүүгө чакырган. Жолугушууга эч нерседен бейкапар барган Саинаны топ балдар зордуктоо үчүн күтүп алган. Жыйынтыгында кыз 3-кабаттан боюн таштаган. Көп жери сынган Саинага, тез арада операция жасалган.

Кыздын жазган арызынын негизинде зордуктаган балдардын бири кармалып 10 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми башкы күнөөкөр качып жүргөн болчу. Ал кечээ Аламүдүн районунан кармалды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18