12:13, 06 марта 2019, 24.kg

Поезд сүзүп каза болгон кишинин өздүгү такталууда. Абайлагыла, сүрөт!

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда поезд бир кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Photo 108319

Маалыматка караганда, жабырлануучу дарыгерлер келгенге чейин каза болуп калды.

«45-50 жаштардагы эркек кишини жүк ташуучу поезд сүзүп кеткен. Анын сөөгү моргго жеткирилди», -деп билдиришти ИИМден.

Милиция каза болгон кишинин өздүгүн тактоо үчүн жардам сурайт. Маркумдун белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кыска, кара түстө, мурду кырдач. Ал кара көк түстөгү кепка, кара көк өндөгү кышкы куртка, кара түсүү шым жана кроссовка кийип жүргөн.

Каза болгон киши тууралуу маалыматы болгондор төмөнкү номурларга чалып билдирсе болот: 0702102702, 0312351270, 0701351270.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18