11:36, 06 марта 2019, 24.kg

Бишкектин мурдакы мэрлеринин сотуна эл батпай калды

Ленин райондук сотунда мурунку шаар башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата кылмыш ишин кароо башталды.

Сотто төрагалык милдетти Кубанычбек Касымбеков аткарууда. Мурунку шаар башчыларынын жактоочусу жана айыпталып жаткан 14 кишинин кызыкчылыгын коргогон юристтердин айтымында, зал абдан эле кичинекей. Келгендердин баары батпай жатат. Жактоочуларга отура турганга жер жок, ал тургай иштегенге шарт түзүлгөн эмес. Сергей Слесарев эмне үчүн соттук отурум процедураны бузуу менен башталганын сурады.

Ошондой эле, юристке кандай себеп менен алдын ала угуулар болбогондугу түшүнүксүз.

Отурумдун жүрүшүндө 14 соттолуучунун 3өөнүн жактоочусу келбегендиги маалым болду. Отурум 13-мартка жылдырылды.

Мурунку шаар башчылары «Калыс-Ордо» жаңы конушундагы мектептин курулушу боюнча жемкорлукка айыпталууда. Алардын кылмыш иштерин бириктирип коюшту.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18