10:27, 06 марта 2019, 24.kg

Бишкектик архитектор футбол стадионунун долбоорунун эскизин иштеп чыкты

Бишкектик архитектор Рахатбек Байтелиев футбол стадионунун долбоорунун эскизин иштеп чыкты. Бул боюнча ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында бөлүшкөн.

Стадион улуттук колоритте үстүнө түндүк түшүрүлүп, капталдары туудагы күндүн нурларын чагылдырат.

Архитектордун айтымында, ал ФИФАнын футбол стадионуна талаптарын карап чыккан.

«Акыркы учурда футболду өнүктүрүү үчүн стадиондун керектиги боюнча сөздөр айтылганы менен алгылыктуу иштер жок. Мен атайын эскизин иштеп чыктым. Мен долбоорун бекер иштеп чыгууга даярмын. Мени башка дагы жаш адистер колдоруна ишенем. Стадионду көп эмес акчага курса болот», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18