09:24, 06 марта 2019, 24.kg

Аба-ырайы. 8-мартка карата күн бузулат

5-марттан 8-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга
байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал. Кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн −3...+2, күндүз 5...10,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн −3...-8, күндүз 3...8,

Нарын жергесинде түнкүсүн −13...-18, күндүз −2...+3,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −16...-21, күндүз −3...-8 градус болот.

Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0...-2, күндүз 6...8 градус болот.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18