16:17, 05 марта 2019, 24.kg

Жакында соттордун 11-курултайы өтөт

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жакында өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын сотторунун XI курултайы боюнча маселелер талкууланды.

Гүлбара Калиева өлкөнүн 400гө жакын судьялары жана башка мамлекеттик органдардын 100гө жакын өкүлдөрү катыша турган судьялардын курултайына даярдык боюнча маалымат берди. Мындан тышкары, жаңы кодекстердин жана мыйзам ченемдеринин судьялар тарабынан колдонулушу жана соттордо санариптештирүү иш-чараларынын аткарылышы тууралуу айтып берди.

«Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформанын алкагында судьялар корпусу коррупциялык элементтерден тазаланып, ачык-айкын ишмердик жүргүзүп, жарандардын адилеттүү сотко ишенимин кайтарышы керек. Сот системасынын жаңылануусу Улуттук стратегиянын кыска жана узак мөөнөттүү багыттарынын алкагында өлкөнүн өнүгүшүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калууга тийиш», — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18