14:41, 05 марта 2019, 24.kg

Ашхабадда кара түстөгү автоунааларды азайтуу чаралары уланууда

Ашхабад бийлиги шаар көчөлөрүндө каралжын түстөгү автоунааларды азайтуу боюнча чараларды улантып жатат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, автоинспекция кызматкерлери үчүн каралжын түстөгү унааларды текшерүү боюнча атайын план бар жана анын аткарылышына жетекчилик көзөмөл кылып турат.

«Жетекчилик ар бир кызматкер менен байланышып, канча автоунааны айып төлөө жайына жеткиргенин көзөмөлдөп жатат. Учурда айдоочулардын алдында бир гана жол турат — ал автоунаасын ак түскө боё. Бирок бул үчүн алар материалдык чыгымга учурап жатышат», — деп жазды басылма.

Ашхабаддын тургундарынын айтымдарында, ар бир автоинспекция кызматкери күн сайын шаар көчөлөрүндө онго жакын унааны токтотуп, аларды айып унаа токтотуу жайына жеткиришүүдө.

Ашхабадда ак эмес түстөгү автоунааларды текшерүүнүн кезектеги толкуну февралдын экинчи жарымынан тарта башталган. Акыркы жылдары түркмөн бийлиги ак түскө чоң артыкчылык берип келет. 2015-жылы өлкөгө кара түстөгү унааларды киргизүүгө тыюу салынган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18