12:06, 05 марта 2019, 24.kg

Ошто башы тайказанга тийген улакчы каза болду

Башы тайказанга тийген Оштун Мады айылынын 28 жаштагы тургуну Авазбек Майрамбек уулу кечээ, 4-мартта каза болду. Бул тууралуу «Калыс медиа» билдирет.

Маалыматка караганда, Авазбек Майрамбек уулу 28-февралдагы аламан улак учурунда башы менен тай казанга кулап, катуу жаракат алган. Ооруканада операция учурунда жан берди.

Маркум Авазбек Майрамбек уулу бала кезден эле айылдагы көк бөрү мелдештерине калтырбай катышып, мыкты оюн көрсөтчү. Ал үй-бүлөлүү, артында бир жашка толо элек уулу калды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18