11:26, 05 марта 2019, 24.kg

Президент сот тутумун таза иштөөгө чакырды

Көз карандысыз жана өз алдынча сот системасын орнотпой туруп, демократиялуу, өнүккөн мамлекет куруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосунда айтылат.

Өлкө башчысы сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө адилеттүүлүк жана акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделерин белгилейт.

«Ошондуктан мамлекет кийинки жылдары сот системасын терең реформалоого жана анын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бөлүп жатат. Учурда сот системасы заманбап технологиялар менен камсыздалып, сот актылары ачык, коомго жеткиликтүү болуп, соттук жыйындар мезгилдин талабына ылайык жабдылууда», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18