10:53, 05 марта 2019, 24.kg

Динара Аширова башталгыч кесиптик билим берүү Агенттиги менен соттошууда

№ 92 лицейдин мурунку директору Динара Аширова башталгыч кесиптик билим берүү Агенттиги менен соттошууда. Бул тууралуу ал өзү 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, агенттиктин директору Таалайбек Чолпонкулов бир күндө эле аны кызматтан кетирүү тууралуу 2 буйрукка кол койгон.

«Алгач ал мени өз ыктыярым менен кызматтан кетирген, ошол эле күнү сөгүштүн негизинде берене боюнча кызматтан кетирүүнү чечти», -деди Динара Аширова. Буга чейин ал иштен куугунтук болгонун жана сабалганын билдирген болчу.

Таалайбек Чолпонкулов Динара Ашировага карата 2 буйрукту бир күндө даярдаганын мойнуна алды. 

«Мен ага өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө сунуш кылдым. Бирок, ал макул болгон жок. Мындан улам экинчи вариант менен кызматтан кетирдик. Бир жылда ал 5 сөгүш алган. Анын эреже бузгандыгы тууралуу арыздар комиссия тарабынан тастыкталды. Лицейдин жатаканасынын бөлмөлөрүн чоочун кишилерге берип, ал эми студенттерден мыйзамсыз акча чогулткан. Бир жарым жыл ичинде 24 мугалимди кызматтан кетирип, 9 жолу 2 орун басарын алмаштырган», -деди Таалайбек Чолпонкулов.

Агенттик № 92 жана № 10 лицейлерди бириктирүүнү чечкен.

«№ 92 лицей өз ордунда калат, профиль дагы өзгөрбөйт. Болгону административдик штат кыскарат. 150 студентке директор менен анын 2 орун басары көптүк кылат. Эки лицейди бириктирип, жылына 1 миллион сомду үнөмдөйбүз», -деди ал.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18