08:35, 05 марта 2019, 24.kg

Орусия ракеталарды жок кылуу тууралуу келишимди токтотту

Орусия 32 жыл мурун АКШ менен Советтер Союзу орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча кол койгон келишимдеги милдеттенмелерин аткаруудан баш тартуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыктын текстинде айтылгандай, мындай чечим «АКШ келишимдеги өз милдеттерин аткарууну бузганы үчүн» кабыл алынган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу Вашингтонго кабарлашы керек. Путин кол койгон жарлык дароо күчүнө кирди.

Өткөн айда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусияны АКШ менен келишимди сактап калууга үндөгөн.

Столтенберг Вашингтон жакын арада бул келишимден чыгарын эскертип, аны сактап калыш үчүн Москванын колунда акыркы мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеген.

Вашингтон 1987-жылы АКШ менен Советтер Союзу кол койгон бул келишимдин алкагындагы милдеттенмелерин 2-февралдан тартып токтоторун жарыялаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18