15:52, 04 марта 2019, 24.kg

Дүйшөнбек Зилалиев ага басым жасалып жатканын билдирди

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин атынан ага каршы козголгон кылмыш ишинин айланасындагы абал боюнча билдирүү жарыяланды.

Анда Залилаевге туугандары жана жакындары аркылуу болуп көрбөгөндөй басым жасалып жатканы белгиленген. «Алсак, менин мүлктөрүмөн тышкары, мага таандык экенин далилдебестен эле дээрлик бардык туугандарымдын мүлкү камакка алынды. Атайын кызмат жакшылап териштирбестен эле эмнеге мынча шашып жатат? Мен ошол адамдардын реакциясын элестетип жатам. Бул маселени сотто чечишип алабыз деп ойлойм», — деп жазылган билдирүүдө. 

Мындан тышкары анда Залилиевдин туугандары менен ага таптакыр тиешеси жок адамдар менен компаниялардын дагы эсептери камакка алынганы жазылган. «Улгайып калган ата-энемдин пенсиялык эсебин жана туугандарымдын маяна ала турган карточкаларын камакка алышты. Тактап айтканда, алар пенсиясыз жана айлык маянасыз калышты», — деп жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле анда Зилалиевдин былтыртан бери ооруп жаткан уулунун чет өлкөгө дарыланып келүүсүнө уруксат берилбей жатканы жазылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2018-жылдын 8-декабрында мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди камакка алган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18