15:28, 04 марта 2019, 24.kg

Төрагадан өкмөт башчыга кат. Кайрылууда одоно каталар орун алганы чын

Жогорку Кеңештин Аппараты өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен документ (№ 6-993/19) боюнча иликтөө иштерин жыйынтыктады. Тилекке каршы, аталган документте чыны менен эле одоно каталар орун алган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бул катты Жогорку Кеңештин Төрагасы өз колу менен жазган эмес. Тиешелүү бөлүмдүн кызматкери даярдап, Төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле жолу менен коюлган.

«Жогорку Кеңештин жетекчилигине күнүнө жүздөгөн документтер кол коюуга жөнөтүлөт. Алардын арасында сунуш берүүчү мүнөздөгү документтерге көпчүлүк учурда факсимиле жолу менен кол тамга басылат. Убакыттын тардыгынан улам, Төрага мындай документтерге кол коюуда өзүнүн жардамчыларына жана адистерге таянат. Аталган кат боюнча кемчилик кетирген кызматкерге карата тиешелүү жаза колдонулмакчы. Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков жана Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү бул окуяны өкүнүч менен кабыл алганын билдиребиз», -деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, социалдык түйүндөрдө Жогорку Кеңештин төрагасынын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевге жазган кайрылуу катындагы одоно каталар тууралуу талкуу болгон.  Анда жазылган катта бир канча катанын асты кызыл менен белгиленип көрсөтүлгөн. 

Photo 107994

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18