13:39, 04 марта 2019, 24.kg

Шавкат Мирзиёев милиция менен аскерлерге арыктоого алты ай убакыт берди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Наманган облусунун активисттери менен жолуккан маалда өлкөнүн Ички иштер жана Коргоо министрлигинин ашыкча салмактагы кызматкерлерин сынга алып, аларга арыктоого 6 ай убакыт берди.

«Ички иштер органдарында бизге ашыкча салмактагы кызматкерлер менен офицерлер керек эмес. Андай абалда алар кылмышкерди кантип кармай алышат? Спорт менен машыгышсын. Бул мага эмес, алардын ден соолугу үчүн керек. Биз аларга үч же алты ай убакыт берели, бул аралыкта алар ашыкча салмактан арылсын», — деди президент.

Мирзиёев ашыкча салмак тууралуу былтыр ноябрда өткөн медицина тармагындагы реформалардын жыйынтыгына арналган видеоселектордук жыйында дагы айткан. Анда мамлекет башчы аз кыймылдын жана туура эмес тамактануунун айынан Өзбекстанда калктын жарымы ашыкча салмак менен жабыркап, 46 пайызынын канында холестерин ашыкча болуп, 31 пайызынын кан басымы жогору экенин белгилеген.

Мирзиёевин бул билдирүүсүнөн кийин өлкөдөгү айрым мамлекеттик мекемелер кызматкерлеринен тез арада арыктоону талап кыла баштаганы кабарланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18