11:34, 04 марта 2019, 24.kg

Бостери айылында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн кармашты

Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Бостерини «кармап жүрөт» деп айтылууда.

«Милицияга арыз менен жергиликтүү тургун кайрылган. Айтымында, ал мал чарбачылыгы менен алектенет, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү андан акча талап кылган. Буга чейин шектүү фермердин керегине жарап, ишин бүтүрүп берген, бирок акысына бир канча уй жана кой алган. Чыгым 10 миң долларды түздү», -деп билдиришти редакцияга.

Күбөлөр шектүүнү сот учурунда тергөө абагына киргизүүнү өтүнүшкөн, бирок, Ысык-Көл райондук сотунун төрайымы Мээрим Акматова шектүү жаранды үй камагына чыгарды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18