10:51, 04 марта 2019, 24.kg

Бирдиктүү терезе. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү мөөнөтү 33 иш күнүнө кыскарат

Мамлекетттик архитектура тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтү 180 күндөн 33 иш күнүнө кыскарат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде «Бирдиктүү терезе» ишин оптимизациялоону киргизүү маалында айтылды.

Мамархитектуранын директору Бактыбек Абдиев «Бирдиктүү терезе» мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындыгын камсыздоо, коррупциялык тобокелдиктерди кыскартуу, курулуш тармагындагы уруксат процедураларын оптималдаштыруу, курулуш чөйрөсүндө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында түзүлгөнүн айтты.

Учурда экспертизалардын ар кандай түрлөрү бар, Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарына ылайык, түрдүү министрлик жана ведомстволор тарабынан өткөрүлөт, аларга буйрутма ээлери курулушка уруксат алуу үчүн өздөрү кайрылышат. Бул процесс 180 күнгө чейин созулат. Ал эми «Бирдиктүү терезе» ишин оптималдаштыруу комплекстүү экспертиза жана долбоордук-сметалык документтерди электрондук кабыл алууну киргизүү жолу менен адамдык фактордун таасирин максималдуу жоет жана мөөнөтүн кыскартат. Натыйжада, долбоорду колдоо үчүн экспертизада долбоордо аныкталган каталарды оңдоого кеткен убакытты кошпогондо 33 күн кетет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18