15:44, 01 марта 2019, 24.kg

Депутат ант берген күндөн тарта парламенттин отурумуна келе элек. Ооруп жатат

«Кыргызстан» фракциясы азырынча депутат Насыр Мусаевди мандатынан ажыратпайт. Бул тууралуу маалымат жыйында депутат Канатбек Исаев билдирди. Айтымында, Насыр Мусаев ант берген күндөн тарта парламенттин отурумуна келе элек.

Маалым болгондой Насыр Мусаев учурда Алматыда дарыланып жатат.

«Ал ооруп жатат, айыкканга чейин күтө турабыз. Эгерде ал депутаттык укуктарын аткара албай турган болсо, анда мандаттан ажыратууга болот», -деди ал.

Эске салсак, Насыр Мусаев былтыр апрелде депутат болгон. Ал ант берүүгө майыптар үчүн коляска менен келип, андан кийин такыр катышкан эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18