14:38, 01 марта 2019, 24.kg

Көк-Бөрү федерациясындагы ызы-чуу. Депутат катыштыгы бар экенин четке какты

Көк-Бөрү федерациясынын мурунку башчылары аталган спорттун түрү боюнча дүйнөлүк ассоциациясынын отурумунда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп кала алышкан жок. Бул тууралуу маалымат жыйында «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канатбек Исаев билдирди.

Ал улуттук федерациянын мурунку жетекчисин ордунан түшүрүүгө тийиштиги бар экендигин четке какты. Ошондой эле, өлкө кызыкчылыгын сатып кетти деп өз дарегине карата айтылган айыптоолорду туура эмес дейт.

Мындай айыптоолор Кыргызстандын көк-бөрүчүлөрү коңшулардын көтөрүп чыккан шарттарына макул болду дегенден кийин айтылып чыкты.

«Мен болгону аталган ат спортунун жанданышына гана кызыкдармын. Казакстандын шартына макул болуп, кол койду деп айтып жатышат, бул туура эмес. Көк-бөрү менен көк-пар бир эле оюн», -деди ал.

Көк-Бөрү оюнунун айланасындагы ызы-чуу Казакстандын февралда оюндун жаңы эрежелерин кабыл алышы менен башталган. Мындай чечимди ондогон өлкөнүн өкүлдөрү макулдашышкан. Кыргызстандын Көк-Бөрү федерациясынын мурунку президенти Жыргалбек Саматов жаңы эрежелер кабыл алына турган болсо, Кыргызстан дүйнөлүк чемпионатка катышпайт деген болчу.

Эске салсак, Көк-Бөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул жылы ноябрда Өзбекстанда өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18