14:07, 28 февраля 2019, 24.kg

Алмазбек Атамбаев Келдибеков, Бекназаров, Дүйшебаевге 300 миң сом төлөп берет

Алмазбек Атамбаев менен «Апрель» телеканалы саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшебаевге утулуп калышты.

Бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдакы төрагасы Ахматбек Келдибеков, мурдакы башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана УКМКнын мурдакы төрагасы Кеңешбек Дүйшебаевдин доо арызын колдоду.

Сот экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде жогоруда аталган аткаминерлердин ар-намысына шек келтирди деп таап, ар бирине 100 миң сомдон төлөп берүүнү буйруду.

Ал эми «Апрель» телеканалы туура эмес маалымат боюнча төгүндөө бериши шарт.

Белгилей кетсек, аталган аткаминерлер Алмазбек Атамбаев 18 миллион сом талап кылышкан.

Алар акча каражатын кайрымдуулукка жумшамакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18