13:43, 28 февраля 2019, 24.kg

Ош шаарында жыл башынан бери 16 бала жоголуп, кайра табылган

Ош шаарында жыл башынан бери 16 бала жоголуп, кайра табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Оштун аймагында интернеттен «48 саатка жогол» аталышындагы оюнду ойноп, өспүрүм жоголгон фактысы катталган жок.

«Ушул жылдын 1-январынан тартып бүгүнкү күнгѳ чейин Ош ШИИБге жашы жетелек балдардын жоголгондугу тууралуу 16 арыз келип түшкѳн. Алардын баары аман-эсен табылып, жакындарына кайтарылды», -деп билдиришти ШИИБдан.

Эске салсак, Кыргызстанда өспүрүмдөр «48 саатка жогол» оюнун ойноп жатышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирген. «Бишкек шаарында бул оюнга тартылган өспүрүмдөр боюнча маалымат жок. Бирок, алдын-алуу үчүн Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жөнөтүлдү», — дейт милиция.

 


Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18