11:45, 28 февраля 2019, 24.kg

Жогорку Кеңеште Мамлекеттик ипотекалык компанияны жоюу сунушталды

Депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеңештин отурумунда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын канчалык деңгээлде пайдалуулугун сурап кызыкты.

Айтымында, аталган компания инвестиция тартуу менен алектениши керек. Бирок, бүгүнкү күндө ал ортомчу гана болууда.

«Алардын инвестиция тартуу үчүн статусу жок. Буларга Экономика министрлиги жардам берет. Ипотекалык компания баалуу кагаздарды чыгарат, аны дагы өздөрү жасабайт», -деди ал.

Махабат Мавлянова компания тарабынан курулуп жаткан үйлөрдүн чарчы метринин баасы жогору экенин айтты. Анын айтымында, компаниянын аткарган кызматын башка ведомствого берип, аны жоюу керек.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18