09:49, 28 февраля 2019, 24.kg

«Көк бөрү» федерациясынын жаңы жетекчини дайындоо курултайында чыр чыкты

«Көк бөрү» федерациясы кечээ курултай өткөрүп, жаңы жетекчини шайлады.

Бирок, мурдакы башчысы Жыргалбек Саматов жыйынды мыйзамсыз деп, жаңы шайлоону жеңген жетекчиге гана кызматын өткөрүп берерин айтып чыгып кетти. Жыргалбек Саматовдун айтымында, ага курултай боюнча алдын-ала маалымат беришкен эмес.

Андан тышкары, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан келген улакчылар да «курултайга делегаттарды чакырууда квоталар туура эмес бөлүшүлгөн» деп нааразы болуп, чыгып кетишти.

Курултайдын башка делегаттары жетекчиликке Искендер Кадыркуловду шайлашты.

Искендер Кадыркулов — УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун бир тууганы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18