16:23, 27 февраля 2019, 24.kg

Сагынбек Абдрахмановдун экс-президент жолугууну демилгеледи дегени аша чапкандык

КСДП фракциясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева 24.kg агенттигине «КСДП Атамбаевсыз» кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахмановдун билдирүүсүнө карата түшүндүрмө берди.

Айтымында, Сагынбек Абдрахмановдун мурунку президент ага бир канча жолу жолугууну демилгелеп, тынчтыкты сунуштады дегени аша чапкандык.

«Абдрахманов мырза өзүн Сооронбай Жээнбеков менен алмаштырып алган окшойт. Дагы бир жолу эскертип кетейин, Сагынбек Абдрахманов партиядан чыгарылган. Аны менен эч ким жолугайын дагы деген эмес», -деди өкүл.

Ал кошумчалагандай, Алмазбек Атамбаев кыймылдын съездине барбайт.

Эске салсак, бүгүн Сагынбек Абдрахманов 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйынында, экс-президент бир канча жолу аны менен баарлашууга аракет кылып, баардык маселелерди чечүүгө белсенгенин айткан. Бирок, Сагынбек Абдрахманов буга макул болгон жок. Айтымында, мурда Алмазбек Атамбаев аны жана кыймылдын мүчөлөрүн сөгүп, урушкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18