16:10, 27 февраля 2019, 24.kg

Курманбек Бакиев өлкөдөн чыгарып кеткен каражат Финансы министрлигине которулду

Мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиев чыгарып кеткен 4,5 млн. долларга жакын каражат Финансы министрлигинин эсебине которулду. Бул тууралуу АКШнын Юстиция министрлиги маалымдайт.

«Азаттын» радиосунун билдирүүсүндө АКШнын Юстиция министрлиги кыргыз өкмөтү бул акчаны аймактык ооруканаларга медициналык жабдыктарды сатып алууга, айылдыктарды таза суу менен камсыздоо долбоорлоруна, антикоррупциялык программаларга жумшай турганын ырастады.

АКШ менен Кыргызстан мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу тууралуу эки тараптуу билдирүүгө 25-февралда Бишкекте кол коюшкан.

Бул боюнча Евгерий Гуревичтин маеги бул шилтемеде.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18