14:12, 27 февраля 2019, 24.kg

Аймактарда балдар менен иш алып барган инспекторлордун саны 300гө көбөйөт

Былтыр Ички иштер министрлиги борбордук аппаратты кыскартуу аркылуу, аймактарда участкалык жана балдар менен иштөө инспекторлорунун санын жүз жыйырма бешке көбөйттү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу маалымат жыйында айтты.

Быйыл да ИИМдин участкалык жана балдар менен иштөө инспекторлорун аймактарда 300гө көбөйткөнгө планы бар.

«Жашоочулардын санына карата: шаар ичинде 3,5 миӊ жашоочуга 1 участкалык инспектор, айыл жеринде 4,5 миӊ жашоочуга 1 инспектор деген норматив бар. Бүгүнкү абал ар түрдүү аймактарда ар кандай, 1 инспекторго 4,5 миӊден — 7,5-8 миӊге чейин адам туура келет. Инспекторлордун санын талапка ылайык келтиребиз», -деди президент.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18