08:46, 27 февраля 2019, 24.kg

Анжиян: ооруканада газ жарылып, беш окуучу оор жаракат алды

Өзбекстандын Анжиян шаарындагы борбордук поликлиникада 26-февралда эртең менен газ жарылып, беш окуучу оор жаракат алды.

«Азаттыктын» өзбек кызматы күбөлөргө таянып билдиргендей, жарылуу окуучулар рентгенге түшүп жаткан учурда болгон.

Газ имараттын от жаккан бөлмөсүндө жарылганы айтылууда. Аты-жөнүн ачык айткысы келбеген күбө от жаккан бөлмө имараттын артында жайгашканын, ал жакта рентген да орун алганын, шаардагы № 4 мектептин окуучулары өпкөсүн текшертип жаткан учурда катуу жарылуу болгонун айтып берген.

Быйыл 28-январда да Өзбекстандын Бекабад шаарындагы мектептин от жаккан бөлмөсүндө газ жарылып, бир киши каза таап, экөө жаракат алган.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18