17:00, 26 февраля 2019, 24.kg

Эркектер жана аялдар. Жашоо узактыгы, ата-энелик жоопкерчилик жана мээнеткечтик

Улуттук статистикалык комитет аялдар жана эркектер боюнча өзүнүн жылдык иликтөөсүн жарыялады. Анда айрым билдирүүлөр четке кагылат. Мисалы, эгер эки жыныстагы калктын санын салыштыра турган болсок, айырмачылык чоң эмес, бирдей эле.

24.kg агентиги иликтөөдөгү негизги маалыматтарга токтолду.

Кыргызстандын калкы 2018-жылы 6 миллион 257 миң киши түздү. Анын 3 миллион 155 миңи аялдар, 3 миллион 102 миңи эркектер. Белгилей кетсек, калкты саноодо туруктуу жашаган жана учурда өлкө аймагында бар гана адамдар эсепке алынат. Андыктан учурда өлкөдө бар аялдардын саны эркектердикинен бир миллион көбүрөөк. Бирок, ошол эле учурда 2017 жылы 15 миң аял, 7 миң эркек четке миграция кеткен.

Айтмакчы, айылда жашаган аялдардын саны шаардыкынан пайыздык ченемде аз. Шаар аялдар 2,5 пайызга көптүк кылса, айылда 0,6 пайыз.

Бирок, мамлекеттик кызматта жана жергиликтүү өзүн башкаруу органдарында иштегендердин 63 пайызы эркектер. Демек аялзаты андан башка тармактарда иш алып барат.

Баткенде эркектердин жалпы саны 11 миңге көп (252 миң — аялдар, 261 миң — эркектер), Ошто 13 миңге (650 миң-аялдар, 633 миң — эркектер), Жалал-Абадда 7 миңге (591 миң- аялдар, 598 миң — эркектер), Ысык-Көлдө 2 миңге (240 миң — аялдар, 242 миң — эркектер). Нарында 5 миңге (139 миң — аялдар, 144 миң — эркектер) Таласта 2 миңге (128 миң — аялдар, 130 миң — эркектер).

Жаш курагы боюнча алсак 40 жаштан ашкан аялдардын саны көп.

Беш жашка чейинки бөбөктөр арасында уулдардын саны кыздардан 20 миңге ашык (377 миң жана 399 миң). 5-9 жаштагылардын арасындагы дагы балдар басымдуу ( 335 миң — кыздар, 351 миң- уулдар), 10-14 жаштагылардын 272 миңи кыздар, 283 миңи балдар.

Photo 107241

20-25 жаштагылардын 258 миңи аялдар, 279 миңи эркектер.

Photo 107251

Аялдар менен эркектердин жашоосу узактыгындагы айырмачылык 8 жылды түзөт. Эркектердин өлүмү 1,5 эсеге көп.

2018-жылдын башында 65 жаштан өйдөнкү курактагылардын саны 287 миң 700 кишини, өлкө калкныны 4,6 пайызын түздү. Божомолдоолор боюнча 2030-жылы бул көрсөткүч 7 пайызга жетет.

Белгилей кетсек, Ош облусунда кары жаштагы аялдардын саны көптүк кылат. Кээ бир аймактардан эки эсеге көп.

Эрте турмуш куруу проблемасы Ош облусунда күч болгону менен Талас жана Чүй облусунда эрте эне болгондор көп. Бул эки аймак 2017-жылы республикалык көрсөткүчтү 1,6-2,2 эсеге ашкан. 15-17 жаштагы миң кызга 8-11 ымыркай туш келген.

Негизинен кыргызстандыктар орточо 23 жаш курагында төрөшөт.

2017-жылы 20 миң бала расмий никесиз ата-энеде төрөлсө, 16 миң бөбөктүн атасы көрсөтүлгөн эмес. Никесиз балдарды көбүнчо 30 жашка чейинки аялдар төрөшөт.

Photo 107239

Расмий никесиз аялдар 2017-жылы көбүнчө Ош облусунда төрөшкөн (7 миң 681), андан кийин Чүй облусунда (7 миң 184).

2017-жылы 43 миң 350 үй-бүлө түзүлсө, анын 9 миң 588и ажырашып кеткен.

Белгилей кетүүчү жагдай, 2017-жылы башка өлкөдөгү жарандар менен (Россия, Өзбекстан жана Түркиядан башка) кыргыз кыздары 337 нике түзсө, 24 эркек башка мамлекеттин жарандарын алган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18